Сооронкулова: “Президенттик башкаруу дегени менен, маңызы хандык башкаруу болуп жатат”

Бүгүн, 9-мартта Бишкекте Ак үйдүн алдында жаңы Конституцияга жана мөөнөтүн узартып алган парламентке каршы митинг өттү. Митингдин жүрүшүндө парламентке жана президент Садыр Жапаровго бир катар талаптар коюлду. Уюштуруучулардын айтымында, алардын нааразычылык акциялары мөөнөтсүз жана депутаттардын реакциясына жараша митингдерди байма-бай өткөрүп турушат.