Бир жума мурун Жогорку Кеңештин тиешелүү жетекчилеринин мыйзамсыз аракетинен же көңүлкоштугунан улам SuperTV каналына сөз эркиндиги чектөөгө алынган эле. Баш мыйзамдын бир нече беренелеринин бузган бул аракет эми токтотулду. Сөз эркиндигинин, мыйзамдардын жана адилеттүүлүктүн принциптерин бекем кармаган медиа тармагынын өкүлдөрүнө жана өлкөбүздүн активдүү жарандарына терең ыраазычылык билдиребиз, ошондой эле өзүбүз дагы жогорудагы принциптердин сакчысы болууга ишендиребиз. Өзгөчө ыраазычылыкты Медиа полиси институтуна жана анын мээнеткеч кызматкерлерине билдиребиз.
«Шайлоодо утулуп калып депрессияда жүргөн талапкерлер көп» | Блогер Чолпон Жээнбекова
“Үгүт учурунда эл менен жолугушууга эч ким келбеген учур да болду — аны жашырбай айттым. Анткени жасалма пафос эмес, чындык...









