Түлөбаевдин ордуна мэрияга дайындалган жетекчи «обед» кылууга эле келдиби? Элдин пикири

Бүгүн, 9-февралда Бишкек шаарынын мэриясында болуп көрбөгөндөй тездик менен бийлик алмашуу орун алды. Кече түнү менен дайындалган жаңы мэр түшкө маал кайра жумуштан алынаары президент тарабынан айтылды. SUPER TV бул ирет мэриянын тарыхында биричи жолу болгон окуяны чагылдырып, шаардыктардын да оюн укту.