Украинадагы кырдаал боюнча Кыргыз бийлигинин позициясы кандай болушу керек? Депутаттардын жообу #Собол_тайм

Украинанын президенти Владимир Зеленский аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчисин кеңешүү үчүн чакыртып алганы маалым болду. Мындай чечим украиналык кризис боюнча Кыргызстандын позициясынан улам экендиги айтылды. Ушуга байланыштуу «Украинада соңку бир аптадан бери болуп жаткан окуяларга карата Кыргыз бийлигинин позициясы кандай болушу керек деп эсептейсиз? Орусияны колдошу керекпи же Украинабы? Же эки жакты тең колдобогон, карманган позицияда болушу шартпы?» деген суроо менен депутаттардын позициясын билүүнү туура көрдүк. «Собол TIME» рубрикасынын кезектеги чыгарылышын толугу менен видеодон көрүңүз.

Жооп берген депутаттардын тизмеси:
Балбак Түлөбаев («Ынтымак»);
Жанар Акаев («Альянс»);
Алишер Козуев («Ата-Журт Кыргызстан»);
Жусупбек Коргонбай уулу (бир мандаттуу округ);
Медер Алиев («Ишеним»);
Элмурза Сатыбалдиев (бир мандаттуу округ);
Нуржигит Кадырбеков («Ыйман Нуру»);
Чыңгыз Айдарбеков («Альянс»);
— Исхак Масалиев («Бүтүн Кыргызстан»);
Дастан Бекешев (бир мандаттуу округ);
 Марлен Маматалиев («Ынтымак»).