Ворухка өзүнчө жол берүү керекпи? Депутаттардын позициясы #Собол_тайм

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өткөн аптада Баткенде, кийин бул аптанын башында Жогорку Кеңештин комитеттик жыйынынын алдында да Тажикстандан Ворух анклавына барган жол тууралуу маселени көтөргөн. Анын айтымында, учурдагы Ак-Сай айылын аралап өткөн жол жергиликтүү элдин коопсуздугун сактоо үчүн керек, экинчи Бакай жерлигин аралап өткөн жол кийин Ак-Сайдын кеңейишине тоскоол кылат. «Ворух анклавына кайсы бир деңгээлде баары бир жол беришибиз керек» деген Ташиев. Мындан улам «Тажикстандан Ворух анклавына өзүнчө жол куруп берүү керек дегенди сиз колдойсузбу?» деген суроо менен депутаттарга кайрылдык. Алардын жообун толугу менен «Собол TIME» рубрикасынын кезектеги чыгарылышынан көрүңүз.

Жооп берген депутаттардын тизмеси:
Жанар Акаев («Альянс»);
Сеидбек Атамбаев (бир мандаттуу округ);
Камила Талиева («Ата журт-Кыргызстан»);
Чыңгыз Ажибаев (бир мандаттуу округ);
Акылбек Түмөнбаев (бир мандаттуу округ);
Динара Ашимова («Ыйман нуру»);
Жаныбек Абиров (бир мандаттуу округ);
Дастан Бекешев (бир мандаттуу округ);
Алишер Эрбаев («Бүтүн Кыргызстан»);
Марлен Маматалиев («Ынтымак»).