Дагы бир саясатчы парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесине кирүү боюнча маселени ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүп, чечкенин билдирди. Мындай маалыматты учурда Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров «Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүнө маек берип жатып айтты. Депутат тизмедеги орду жакпай калганынан улам парламенттик шайлоого катышпай эле коюу чечимине келгенин айтат. Маекти толугу менен жакынкы сааттарда көрө аласыздар.
Жанар Акаев бийлик, криминал жана оппозиция тууралуу
Жогорку Кеңеш тарайт деген сөздөр кайдан чыкты? Бийликке сын айтчу депутаттар калдыбы? Отуз жылда болбогон деп кайсы ишти атай алат?...