АНОНС! Али Токтакунов: «Бул — Талант Мамытовдон Матраимовго жаңы жылдык белек»

«Акыркы жаңылыктардан айтайын, мына президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Матраимовдордун адвокатын судья кылып бекитти. Бул — Мамытовдун Матраимовго жаңы жылдык белеги».
Бажы тармагындагы коррупциялык схемалар тууралуу чуулгандуу иликтөөлөрү менен таанымал журналист Али Токтакунов мындай билдирүүсүн «Супер ТВ» каналында «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде айтты. Ал өмүрүнө коркунуч дале бар экенин, анткени коркунуч келтирген адамдардын таасири эч кандай жоголо электигин, учурда бийлик башында тургандар коррупционердигин моюнга алып, өлкөгө келтирилген чыгашаны төлөп жаткан адамга кайра эле кызмат көрсөтүп, жактоочулук кылууну улантып жатышканын айтат. «Талант Мамытов Матраимовдордун жактоочусун Бишкектин Свердлов районуна судьялыкка бекитти. Дал ушул райондук сотто Матраимов бизди сотко берип, иш уланып жатат. Бул жерде кызыкчылыктардын кагылышы орун алып жатпайбы? Эртең шайланып келе турган президент мындайды токтотушу керек»,- дейт ал.

Маекти толугу менен жакынкы сааттарда  ЖАҢЫЛЫКТАР-SUPER TV, SUPER TV YouTube каналдарынан жана SUPERTV телеканалынан көрө аласыздар.