АНОНС! Алмамбет Шыкмаматов: «Кулдук уруп, Садыр Жапаровго сеники туура дедим»

«Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, учурда Садыр Жапаровду колдоп, сүрөөнгө алган саясатчылардын бири Алмамбет Шыкмаматов маек берди. Ал «парламентаризм бизге эртелик кылат экен, биз анын ашмалтайын чыгардык»,- деген пикирин билдирди.

Маекти толугу менен жакынкы сааттарда ЖАҢЫЛЫКТАР-SUPER TV, SUPER TV YouTube каналдарынан жана SUPERTV телеканалынан көрө аласыздар.