АНОНС! Алтынбек Сулайманов Канат Керезбековду сабап койдубу же жокпу?

Сулайманов өзү жооп берет: "Бирөөнү сабап койчу мезгилдер артта калды"

КЫЗЫКТУУ ВИДЕОЛОР / АКЫРКЫ КАБАРЛАР / ЖАНЫЛЫКТАР / ЭЛДИК ВИДЕО

Үстүбүздөгү жылдын 14-октябрында Жогорку Кеңештин «Ала-Арча» резиденциясында өткөн жыйынында «Бир бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин төрагасы Канат Керезбеков менен тирешип кеткен. Жабык эшик артында уланган ал тиреште Сулайманов Керезбековду сабап салды деген ой коомчулукта бекем орноп калган эле. Чын эле сабады беле?
«Супер ТВ» каналынын «Саясий коктейль» берүүсүнө маекке келген Алтынбек Сулайманов ал окуя тууралуу айтып берди. «Сабаган жокмун, кол көтөргөн жокмун. Андай деңгээлге жеткен жокпуз. Кол көтөргөн мезгилдер артта калды. Канат Керезбеков менен жакшы мамиледемин»,- дейт ал.

Маекти толугу менен жакынкы сааттарда  ЖАҢЫЛЫКТАР-SUPER TV жана SUPER TV YouTube каналдарынан көрө аласыздар.

#кызыктуувидеолор #акыркыкабарлар #жанылыктар #элдиквидеолор