АНОНС! Бактыбек Калмаматов Садыр Жапаровго оппозиция болууга аргасызмын дейт

SUPER TV  каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүнө Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты, саясатчы Бактыбек Калмаматов конок болду.

«Мен өз учурунда Садыр Жапаровду колдоп жүргөн болсом дагы бүгүн кайра ошол адамга оппозиция болууга мажбурмун. Өлкөдө пандемия болуп жатканын көрүп туруп убактылуу бийликке жоопкерчиликти алган адам эч нерсе болбогондой президенттик шайлоого кетип калды», — дейт ал.

Маекти толугу менен жакынкы сааттарда  ЖАҢЫЛЫКТАР-SUPER TV жана SUPER TV YouTube каналдарынан көрө аласыздар.