АНОНС! Эльдар Абакиров: «Бир адамга, президентке байланган система туруксуз»

SUPER TV каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүнүн кезектеги коногу Экономика министринин мурдагы орун басары, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Ата-Мекен» партиясынын тизмесинде депутаттыкка талапкер болгон Эльдар Абакиров болду.

Ал супер президенттик диктатуранын орношуна каршы экенин билдирди. «Бир адамга байланган система туруксуз. Анын бир тууганы, кудасы, аялы, иниси, шоопуру Кыргызстанды башкарып калат экен. Президент реалдуу абалды көрбөй калат экен«,- дейт Абакиров.

Маекти толугу менен жакынкы сааттарда  ЖАҢЫЛЫКТАР-SUPER TV жана SUPER TV YouTube каналдарынан көрө аласыздар.