АНОНС! ИИМ Сооронбай Жээнбековдун заказын кантип аткарчу эле? Бул тууралуу Канат Сагымбаев үн катты

УКМКнын Мамлекеттик күзөт кызматында иштеген, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы, Кой-Таш окуяларында айыпталып жаткан Канат Сагымбаев «Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берип, ал кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун саясий буюртмалары ИИМ тарабынан кантип ишке ашырылып тургандыгы тууралуу айтып берди. «ИИМ башчысынын орун басары Памир Асанов тарабынан мага тикелей коркутуулар болгон. Атамбаевге, Курсан Асановго каршы көрсөтмө бер, менин ким экенимди билесиң да, камап коём деп. Кийин анын ордуна келген Эркебек Аширходжаев тараптан дагы мындай коркутуулар болгон. Эми мен жашырбай ачык эле айта беришим керек. Себеби ал кишилердин кордугун түрмөдө көрдүм, кысым кылышты. Сооронбай Жээнбековдун саясий заказын аткарышты бул кишилер. Бирок, тилекке каршы, бүгүнкү күндө алар кайра эле кызматта. Тескерисинче кызматтан жогорулашты. Ушул маегимден улам камайм деп чыкса таң калбайм»,- дейт Сагымбаев.

Маекти толугу менен жакынкы сааттарда  ЖАҢЫЛЫКТАР-SUPER TV, SUPER TV YouTube каналдарынан жана SUPERTV телеканалынан көрө аласыздар.