АНОНС! Кундуз Жолдубаева: «Бул Сооронбай Жээнбековдун коркуп жатканын көрсөтөт»

КЫЗЫКТУУ ВИДЕОЛОР / АКЫРКЫ КАБАРЛАР / ЖАНЫЛЫКТАР / ЭЛДИК ВИДЕО

СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө экс-президент Алмазбек Атамбаевдин коомдук кеңешчиси, Кой-Таш окуялары боюнча айыпталып жаткан жарандардын бири Кундуз Жолдубаева маек берди. Ал Сооронбай Жээнбеков акыркы учурда өзүнө карата жүрүп жаткан иштерден чочулап жатат деген пикирде. «Жогорку Кеңеш депутаттарынын айтымында октябрь окуяларынын тегерегинде УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаевден тил кат жаздырып алыптыр, Кой-Таш окуялары боюнча президент менен макулдашылган эмес деп. Бирок УКМК менен ИИМ башчысы өлкөнүн колбашчысы менен макулдашпай туруп мындай иштерди жасамак беле? Азыр анын өлкөдөн чыгып кеткени, тил кат жаздырып алганы чочулап жатканынын белгиси»,- дейт Жолдубаева.

Маекти толугу менен жакынкы сааттарда ЖАҢЫЛЫКТАР-SUPERTV YouTube каналынан жана SUPERTV телеканалынан көрө аласыздар.

#кызыктуувидеолор #акыркыкабарлар #жанылыктар #элдиквидеолор