АНОНС! Мээрбек Мискенбаев: «Садыр Жапаровго жардам берейин дегем. Бирок…»

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Апрель Баатыры Мээрбек Мискенбаев «Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берди. Ал «Садыр Жапаровду азыр элдин колдоп жаткандыгы чындык» дейт. Ошондой эле аны колдоп, жардам берүүнү каалаганын бирок Жапаровдун тегерегине «Биримдикчи», «Мекеним Кыргызстанчылар» чогулуп алганы аны токтотконун айтат. «Жапаровдун колдоочулар, жандоочулар атүгүл кошоматчылар да жетиштүү экен» дейт ал.

Маекти толугу менен жакынкы сааттарда  ЖАҢЫЛЫКТАР-SUPER TV жана SUPER TV YouTube каналдарынан көрө аласыздар.