АНОНС! Нуржигит Кадырбеков: «Ыйман Нурунан» «Ихластын» кожоюндары кантип чыкканы тууралуу үн катты

«Ыйман Нуру» партиясынын лидери, экс-министр Нуржигит Кадырбеков СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берди. Ал өткөн жылы өткөн, кийин жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоо, аталган партияга кандайча келип кошулгандыгы, партиянын демөөрчүлөрү катары кабыл алынган «Ихлас» компаниясынын кожоюндары партиядан эмне үчүн чыгып кетишкендиги жана дагы көптөгөн иштер тууралуу маек курду.