АНОНС! Садыр Жапаров «Дебатка барып акыйнек айтышуу убактымды эл менен жолугушууга арнадым»

«Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө Кыргыз Республикасынын президенттик кызматына талапкер Садыр Жапаров маек берди. Ал коомдук каналда өткөн теледебаттарга эмнеден улам катышпаганын төмөнкүчө түшүндүрдү. «Мен Бакиевди же Жээнбековду туурап жаткан жокмун. Мен негизи табиятымдан эле бирөө менен акыйнек айтышып, ушак териштиргенди жек көрөм. Дебатка барып алар менен акыйнек айтышып, ушак териштиргенче эл менен көбүрөөк жолугушуп, айылдарда, райондордо эмне маселелер, көйгөйлөр бар экенин угуп, маалымат чогултуп алганым мага 10 эсе пайдалуу»,- дейт Жапаров.

Маекти толугу менен жакынкы сааттарда  ЖАҢЫЛЫКТАР-SUPER TV, SUPER TV YouTube каналдарынан жана SUPERTV телеканалынан көрө аласыздар.