АНОНС! Улан Усөйүн: «Бийлик далилденген коррупционерди камай албаса, башкаларга кантип алы жетет»

Жарандык активист, «Баштан башта» кыймылынын демилгечиси Улан Үсөйүн СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берди. Учурда өлкөдө болуп жаткан саясий процесстерге токтолгон ал: «Бийлик кылмышын өзү моюнуна алган, далилденген бир коррупционерди камай албай жатса, өздөрү айткандай «кустура» албай жатса, анда башка коррупционерлерге кантип алы жетет?» деп суроо салат.