АНОНС! Талант Мамытов: «Ал Матраимовдордун адвокаты экенин билген эмесмин»

Жогорку Кеңештин спикери, 28-январга чейин өлкө башчынын милдетин аткарган Талант Мамытов Матраимовдордун жактоочусун сот кылып дайындаганы боюнча үн катты. «Ал Матраимовдордун жактоочусу экенин билген эмесмин»,- дейт Мамытов. Спикер бул билдирүүсүн СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде айтты.

Маекти толугу менен жакынкы сааттарда ЖАҢЫЛЫКТАР-SUPER TV YouTube каналынан жана SUPERTV телеканалынан көрө аласыздар.