«Апрель революциясы эч качан өз ордун, маанисин жоготпойт. Кайсы бир күнү ошондо өз жанын курман кылган жарандарыбыздын максат-мүдөөсү ишке ашат деп ишенем»,- дейт Апрель элдик революциясынын баатыры Мээрбек Мискенбаев. Өлкөдө акыркы күндөрү болуп жаткан окуяларга карата пикирин айткан ал: «2010-жылы Ошто орун алган Июнь окуяларына, Апрель окуяларына абдан кылдат, аяр мамиле жасашыбыз керек. Энелердин көз жашы кургай элек, жарат айыга элек»,- дейт. Ошондой эле ал «учурдагы бийлик Бакиевдерди реабилитациялаган жатат» деген кептерге ишенбей турганын айтат. «Бакиевдин деле башы экөө эмес, өлкөгө келе албайт. Эгер Бакиев келчү болсо ошол күнү курман болгондордун жакындарын, жаракат алгандарды баштап алдынан тосуп чыгууга кудуретим жетет»,- дейт.
«Орозодон кийин кызыктын баары башталат » | Мавлян Аскарбеков #Саясий_коктейль
“Саясий коктейль” берүүбүздүн бул жолку коногу, саясатчы Мавлян Аскарбеков болду. Ал маегинде соңку актуалдуу саясий-коомдук маселелер, жакын арада саясаттагы окуялардын...









