«Апрель революциясы эч качан өз ордун, маанисин жоготпойт. Кайсы бир күнү ошондо өз жанын курман кылган жарандарыбыздын максат-мүдөөсү ишке ашат деп ишенем»,- дейт Апрель элдик революциясынын баатыры Мээрбек Мискенбаев. Өлкөдө акыркы күндөрү болуп жаткан окуяларга карата пикирин айткан ал: «2010-жылы Ошто орун алган Июнь окуяларына, Апрель окуяларына абдан кылдат, аяр мамиле жасашыбыз керек. Энелердин көз жашы кургай элек, жарат айыга элек»,- дейт. Ошондой эле ал «учурдагы бийлик Бакиевдерди реабилитациялаган жатат» деген кептерге ишенбей турганын айтат. «Бакиевдин деле башы экөө эмес, өлкөгө келе албайт. Эгер Бакиев келчү болсо ошол күнү курман болгондордун жакындарын, жаракат алгандарды баштап алдынан тосуп чыгууга кудуретим жетет»,- дейт.
#САЯСИЙ_КОКТЕЙЛЬ Мискенбаев: «Убактылуу өкмөтчүлөрдөн эч нерсе күтпөйм. Намыс болсо айтып чыгышсын»
- Categories: САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
Related Content
Н.Эшеналиева С.Жапаров, К.Ташиев, А.Мадумаров тууралуу чуулгандуу чындыкты айтты
Автор
Айзада Тураркулова
19:51 15.11.2024
Жанар Акаев бийлик, криминал жана оппозиция тууралуу
Автор
Айзада Тураркулова
20:04 24.09.2024
Америкага Мексика аркылуу киргендер депортация болобу? | Элчи Лесли Вигери #Саясий_коктейль
Автор
Айзада Тураркулова
18:13 06.08.2024
"Матраимовдун келерин билип туруп эле барган эмесмин" | Нуржигит Кадырбеков #Саясий_коктейль
Автор
Айзада Тураркулова
18:41 22.04.2024
"Сайынган баңги жакында сот болуп дайындалды" | Марлен Маматалиев
Автор
Айзада Тураркулова
20:23 30.03.2024