«Апрель революциясы эч качан өз ордун, маанисин жоготпойт. Кайсы бир күнү ошондо өз жанын курман кылган жарандарыбыздын максат-мүдөөсү ишке ашат деп ишенем»,- дейт Апрель элдик революциясынын баатыры Мээрбек Мискенбаев. Өлкөдө акыркы күндөрү болуп жаткан окуяларга карата пикирин айткан ал: «2010-жылы Ошто орун алган Июнь окуяларына, Апрель окуяларына абдан кылдат, аяр мамиле жасашыбыз керек. Энелердин көз жашы кургай элек, жарат айыга элек»,- дейт. Ошондой эле ал «учурдагы бийлик Бакиевдерди реабилитациялаган жатат» деген кептерге ишенбей турганын айтат. «Бакиевдин деле башы экөө эмес, өлкөгө келе албайт. Эгер Бакиев келчү болсо ошол күнү курман болгондордун жакындарын, жаракат алгандарды баштап алдынан тосуп чыгууга кудуретим жетет»,- дейт.
#САЯСИЙ_КОКТЕЙЛЬ Мискенбаев: «Убактылуу өкмөтчүлөрдөн эч нерсе күтпөйм. Намыс болсо айтып чыгышсын»
- Categories: САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
Related Content
"Матраимовдун келерин билип туруп эле барган эмесмин" | Нуржигит Кадырбеков #Саясий_коктейль
Автор
Perizat Muz
18:41 22.04.2024
"Сайынган баңги жакында сот болуп дайындалды" | Марлен Маматалиев
Автор
Perizat Muz
20:23 30.03.2024
Орозайым Мадумаров жана Жапаров тууралуу
Автор
Perizat Muz
08:20 02.03.2024
Эрулан Кокулов: "Министрлерди 2 сааттап күтүп отурган күндөр деле болгон" #Саясий_коктейль
Автор
Акмарал Кубатбекова
23:14 07.09.2023
"Мадумаровду текебер дешкени чын экен" дейт Эмил Жайчиев #Саясий_коктейль
Автор
Акмарал Кубатбекова
19:59 18.08.2023