Исаков: «Батыровго тез арада кылмыш ишин козгогула, керек болсо, камагыла дегем» #Саясий_коктейль

Саясатчы Исмаил Исаков Июнь окуясы тууралуу кылмыш иши боюнча айтып берди. Суракта эмне жөнүндө сөз болду, айып эмненин негизинде тагылып жатат, бул кылмыш иш эмнеден улам келип чыкты жана мунун максаты эмнеде? Ушул жана башка суроолорго Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон жана Июнь окуясында коргоо министри болуп турган Исмаил Исаков «Саясий коктейль» берүүсүндө жооп берди.