«Мен бул бийликти тааныбайм. Жолдошум да (Абдил Сегизбаев) шайлоонун жыйынтыгын расмий тааныбаганы үчүн учурда камакта отурат». «Садыр Жапаров бизден өч алат деп эмес, өлкөнүн эртеңи эмне болот деп корктук». «Үмүтүбүз 5-октябрда Үмүт менен кошо өлдү». «Биздин тагдырды бир гана Кудай чечет»… Бул абакта жаткан Абдил Сегизбаевдин жубайы Айнура Сегизбаеванын «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде айткан кептери. УКМКнын экс-төрагасынын жубайы дагы кайсы окуялар тууралуу сүйлөп берди, жолдошуна карата коюлуп жаткан айыптарды канчалык негиздүү деп эсептейт, маектен көрүңүз.
Жанар Акаев бийлик, криминал жана оппозиция тууралуу
Жогорку Кеңеш тарайт деген сөздөр кайдан чыкты? Бийликке сын айтчу депутаттар калдыбы? Отуз жылда болбогон деп кайсы ишти атай алат?...
Абдильдин келинчегин абдан акылдуу аял экен Көрүнүп турат. Кудай колдосун Бул да сыноо болсо керек Жакшы күндөр алдыда
Менин да башыман отту эле абакта жаттым эле деп козун жуумп кечире берищ керекпм жок андай болбойтта, Сегизбаев куноолору аныкталып ещё куноолорун жашыруу учун до конца тирешип турду бирок колу менен кылганды башы менен жооп берсин,Сегизбаевтин жубайын туура тушунобуз бирок ущунча акылын куйоосуно жумшаса убагында ушундай болбойт болчу,арам бергенин кымырайып жеп жаткан болсо эми жооп беришсин
Мурда Сегизбаевди жаман деп ойлогом. Бул маектен кийин оюмду өзгөрттум. Чын эле саясий өч алуу максатында камашыптыр да. Садыр коркпой эле, дебатка келип, жооп берип койсо болмок.