САЯСИЙ_КОКТЕЙЛЬ Айнура Сегизбаева: “Жапаровдун уулу каза тапканда энесин ойлоп жаман болдум”

«Мен бул бийликти тааныбайм. Жолдошум да (Абдил Сегизбаев) шайлоонун жыйынтыгын расмий тааныбаганы үчүн учурда камакта отурат». «Садыр Жапаров бизден өч алат деп эмес, өлкөнүн эртеңи эмне болот деп корктук». «Үмүтүбүз 5-октябрда Үмүт менен кошо өлдү». «Биздин тагдырды бир гана Кудай чечет»… Бул абакта жаткан Абдил Сегизбаевдин жубайы Айнура Сегизбаеванын «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде айткан кептери. УКМКнын экс-төрагасынын жубайы дагы кайсы окуялар тууралуу сүйлөп берди, жолдошуна карата коюлуп жаткан айыптарды канчалык негиздүү деп эсептейт, маектен көрүңүз.