#САЯСИЙ_КОКТЕЙЛЬ​ Гүлжигит Исаков: «Үңкүр-Тоо биздики, өзүбүздүн жерди кайра бизге бермек беле?»

СуперТВ телеканалындагы «Саясий Коктейль» берүүсүнүн бул жолку коногу жарандык активист Гүлжигит Исаков. «Элдин чек арага байланыштуу реакциясы кадимки көрүнүш. Буга Жапаров кубанышы керек, ал Өзбекстан жакшы кабыл алып койсо эле ошого эреркеп кетти»,- дейт коомдук-саясий активист. Исаков ошондой эле Ташиев чек-арага тиешелүү жолугушууга барбай койгонунда мандем бар экенине токтолуп, «Камбар-Ата ГЭСин курууга Өзбекстанды орток кылсак, колдогу рычагды алдырган болобуз»,- деп белгиледи.