#САЯСИЙ_КОКТЕЙЛЬ​ Мелис Мырзакматов: «Министрлик менен ведомстволорду кыскартып коюу реформа эмес»

Саясий куугунтуктан улам бир нече жыл өлкөдөн тышта жүргөн Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берди. Ал учурдагы Садыр Жапаров башында турган Камчыбек Ташиев, Сыймык Жапыкеев өңдүү адамдардан куралган бийликтин ишин «мактоого арзырлык» деп баалап, колунан келишинче колдой турганын билдирди. Мырзакматов учурунда саткынчылыкка туш болгонун, эми алардын саткынчылыгына ыраазы экенин, ошолордун колу менен Кудай өзүн жаман иштерден сактаганын айтат. Маекти толугу менен көрүп, өз бааңызды бериңиз.