#САЯСИЙ_КОКТЕЙЛЬ​ Нуржигит Кадырбеков: «Мага айтпай эле Садыр Жапаров мени министрликке дайындаптыр»

Мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри, «Ыйман Нуру» партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берди. Кандайча «Ыйман Нуру» партиясына келгени, ал партия менен «Мекеним Кыргызстан» тирешкенде эмнеге кубанганы, «Биримдикке» эмне үчүн барбаганы, Сооронбай Жээнбековдун аялынын тууганы деген кептерден кандай залал көргөнү, Курал Чокоев жана Самара Каримова боюнча ою, ордо оюндары кандай жүрөрү жана бийликтин тузагы тууралуу кенен айтып берди.