#САЯСИЙ_КОКТЕЙЛЬ​ Таалайгүл Токтакунова: «Бул — Сооронбай Жээнбековдун кара кассасынын далили»

Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Кылычбек Султан, Курсан Асанов өңдүү белгилүү саясатчыларга жактоочулук кылганы менен таанымал болгон адвокат Таалайгүл Токтакунова СуперТВ каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берди. Ал Сооронбай Жээнбековго берилген миллион доллардын баянына токтолуп, ал сотко келиши керектигин айтат. «Жеке башын корголоп өзү президент болгон мамлекеттин жаранынын тагдырына кайдыгер карабашы керек. Бул нерсе президент болгон адамдын аброюна туура келбейт»,- дейт адвокат. Учурда абакта жаткан Курсан Асановдун тагдырына токтолуп анын жубайы УКМКдагы тергөөдөн соң инсульт алганын, али өзүнө келе элек аялды ооруканадан чыгарып салышканын, үйүндө жаш 2 баласы калганын, алардын көзүн карай албай кыйналып жатканын айтат. Маекти толугу менен көрүп, өз бааңызды бериңиз.