Такай социалдык тармактарда жалданма комментарий жазгычтардын бутасында жүргөн жарандык активист Улан Үсөйүн СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берди. Ал өз маегинде өлкөдөгү саясий абал, Матраимовдор кланы боюнча пикирин билдирди. «Мамлекеттин ичинде мамлекет болбош керек. Бул бийликтин таасирине, аброюна чоң сокку»,- дейт ал. Ошондой эле Райымбек Матраимовду улам камап кайра чыгарып, бул маселеге чекит койбой жүрө беришсе Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин түбүнө дал ушул Матраимов жетет деген оюн айтат. Жарандык активист өз маегинде «Улан — гей» деген комментарийлерге кандай мамиле кыларын да айтып берди.
«Сайынган баңги жакында сот болуп дайындалды» | Марлен Маматалиев
Матраимовдун кармалышы, ага байланышы бар делген депутаттардын мандатын тапшыруусу, муфтияттын жаңы имаратынын ачылышына баруусу... Өлкөдөгү соңку саясий окуялар жана эл...