#САЯСИЙ_КОКТЕЙЛЬ Алмамбет Шыкмаматов: «Партияда мен же аксакал калышы керек болду. Мен кеттим»

«Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алмамбет Шыкмаматов маек берди. Ал парламентаризмдин жактоочусу экендигин, ал мамлекетти башкаруудагы мыкты система экендигин, бирок Кыргызстанда акыркы 10 жылда бул система дискредитацияланганына токтолду. Ошондой эле ал эмне үчүн Садыр Жапаров тарапка өткөнүн, «Ата Мекенден» эмне үчүн кеткенин, өкмөт башына ким келиши керектиги боюнча пикирин билдирди. «Эл тиги Конституция боюнча Садыр Жапаровду шайлагам, муну менен болсо шайламак эмесмин демек беле? Эл өз тандоосун кылды. Садыр Жапаров журт башы болсун, президенттик башкаруу жолуна өтөлү деди. Бүттү да!» дейт ал.

Маекти толугу менен көрүп, өз бааңызды бериңиз.