#САЯСИЙ_КОКТЕЙЛЬ Эльдар Абакиров: «Супер президенттик диктатура системасын киргизүүгө каршымын»

Экономика министринин мурдагы орун басары, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясынын катарында катышкан Эльдар Абакиров «Саясий коктейль» берүүсүнүн кезектеги коногу болду. «2010-жылы Казакстанда иштеп-жашап жүргөн кезде Англияга же Америкага кетип, ошол жакта жашоо планыбыз бар болчу. Бирок 7-апрелдеги окуялар, өлкөнүн абалы бизди коё берген жок, өлкөгө кайтып келдик», — дейт ал. Экономика министрлигинде иштеп жүрүп Бажы кызматындагы коррупцияга каршы күрөшүү аракети өзүнүн жумуштан айдалышы менен аяктаганын айтат, Эльдар мырза.
Маекти толугу менен видеодон көрүп, өз бааңызды бериңиз.