#САЯСИЙ_КОКТЕЙЛЬ Исхак Масалиев: «Коркутуу менен болгон жеңиш узакка барбайт»

Жогорку Кеңештин 4 жолку депутаты Исхак Масалиев «Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берди. Ал 6 жылга шайланып, элдин ишеними менен келген адам иштей албаганы үчүн 3 жылда кызматтан кетсе, демек экс-президент статусуна татыктуу эмес, аны «Садыр Жапаров сый катары берип коё турган сыйлык да эмес» деп эсептейт. Ошондой эле ал «Чимкириктер деп аталууга учурдагы Жогорку Кеңеш татыктуу» деп эсептээрин, мандаттан май айында эле баш тартып кеткенине өкүнбөй турганын айтат. «Ушул эле парламент 3 жыл илгери Атамбаевге, кийин Сооронбай Жээнбековго жүгүнүп жүрүшкөн, анан Жапаровго жүгунүп башташты. Бул убактылуу экенин ал унутпашы керек»,- дейт.