#САЯСИЙ_КОКТЕЙЛЬ Жумадил Эгембердиев: «Карасы» болобу, «кызылы» болобу бизге жакшы мамиле кылат»

СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө улуттук өндүрүштүн төл башында тургандардын, «Шоро» компаниясын түптөөчүлөрдүн бири, ишкер Жумадил Эгембердиев маек берди. Ал бизнес көбүнчөсү бийликке «саан уй» болорун айтат. «Биз акчанын эле үстүндө жүрөбүз. Бирок ошону көргөн киши жок. Мамлекетке жаратмандык жетпей жатат. Болбосо 6 миллион элди багыш жөнөкөй эле иш. Кытайдын бир эле шаарындай эл да»,- дейт. Ишкер агасы, кыргыздын сыймыктуу уулу Табылды Эгембердиевди эскерип, «анын артынан ээрчип жүрүп адам болдум. Экөөбүздүн ортобузда дүнүйө талаш болгон жок, болушу да мүмкүн эмес эле»,- дейт.

Маекти толугу менен көрүп, өз бааңызды бериңиз.