#САЯСИЙ_КОКТЕЙЛЬ​ Кенжебек Бокоев: «Сооронбай Жээнбековдун 3 жылы Атамбаевди каматуу менен өттү»

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берди. Ал Сооронбай Жээнбековдун экс-президенттик макамы боюнча маселе жабыла электигин, ал Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышында көтөрүлүшү мүмкүндүгүн айтат. «Сооронбай Жээнбековдун президенттик 3 жылы Атамбаевдин иштерин казуу, аны каматуу менен өттү. Болбосо аны президенттик кызматка Атамбаев алып келген эле. Эгер ал жаратмандыкка бет алып иштечү болсо, «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», жана «Кыргызстанды» коррупционерлердин акчасы менен добуш сатып алып парламентке алып келем дебесе, журт лидери болууга аракет кылса абалы бүгүн таптакыр башкача болмок»,- дейт ал. «Республиканын» өкүлү Бабанов менен Матраимов тирешине дагы токтолуп, бул маселени биринчи болуп парламентте Бабанов көтөрүп чыкканын, Матраимовдо Бабановго каршы иштөөдөн башка жол калбаганын айтат.

Маекти толугу менен көрүп, өз бааңызды бериңиз.