#САЯСИЙ_КОКТЕЙЛЬ Нурлан Шакиев: «Ташиев УКМКны жетектегенден бери бандиттер ийинине кире качты»

СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүнүн бул жолку коногу экс-министр, саясатчы, учурда NewTV телеканалынын директору Нурлан Шакиев болду. Ал Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди арабаны биргеликте сүйрөгөн эки атка салыштырып, учурда бийликке келген команданын ичинен элдин мүдөөсүнө жакын иштерди жасап жаткан, эң активдүү иштеп жаткан адам — Камчыбек Ташиев деп белгилейт. Бир нече жыл ал кездеги президент Курманбек Бакиевге пресс-катчы болгон Шакиев аны кимдер сатканын, кимдер учурунда бетке айтып, кийин сатпаганын айтып берди. «Жапаровдун дагы Ташиевдин дагы Бакиевдер менен байланышы жок» дейт саясатчы.

Маекти толугу менен көрүп, өз бааңызды бериңиз.