#САЯСИЙ_КОКТЕЙЛЬ Садыр Жапаров: «Абак — Кудайдын берген сыноосу болду»

Президенттик жарышта фаворит аталып жаткан талапкер, октябрдагы элдик толкундоолордун негизинде абактан чыккан саясатчы Садыр Жапаров «Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берди. Ал «абакка түшкөнүм Кудайдын сыноосу болду, Атамбаевди кечирдим» дейт. Учурда башкы атаандашы болгон Адахан Мадумаров менен эмне үчүн бириге албасын, небере жыты кандай экенин, президенттердин кейиштүү тагдырларын кайталабаш үчүн эмне аракет кылып жатканын, сүйүүсү, мээрими кимге өткөнүн, 2010-жылдан 2020-жылдын, Убактылуу өкмөттөн учурдагы бийликтин айырмасы эмнеде экенин жана башка бир топ кызыктарды айтып берди.

Маекти көрүп, өз бааңызды бериңиз.