#САЯСИЙ_КОКТЕЙЛЬ Замир Жоошев: «Ташиев чындыкты айтты»

КЫЗЫКТУУ ВИДЕОЛОР / АКЫРКЫ КАБАРЛАР / ЖАНЫЛЫКТАР / ЭЛДИК ВИДЕО

«Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүнө бул ирет саясий чуулгандуу иштерде жактоочулук кылганы менен таанымал болгон адвокат Замир Жоошев маек берди. Ал УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев сөзүндө туруп, тергөө абагында жаткан Алмазбек Атамбаевден кабар алганын, анын жыйынтыгында Атамбаев №47 колонияга которулганын айтат. Адвокат өз маегинде Райымбек Матраимов боюнча иште кетип жаткан мүчүлүштүктөргө да токтолду. «Сооронбай Жээнбековдун тушунда мен тазамын деп жүргөн адам жаңы бийлик келгенде шарт эле «коррупционермин» деп моюнга алды. Коррупция менен соттолуп, кайра сот өкүмү жокко чыкканына карабай Алмазбек Атамбаев 1 жылдан бери СИЗОдо отурат, ал эми ушул эле берене менен шектелип кармалган Матраимов, 2 миллиард сом чыгаша келгенине карабай 1 күн СИЗОдо отурган жок»,- дейт ал. Маекти толугу менен видеодон көрүп, өз бааңызды бериңиз.

#кызыктуувидеолор #акыркыкабарлар #жанылыктар #элдиквидеолор