Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясына лидер болуп шайланган депутат Сайдулла Нышанов СУПЕРТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берди. Ал акыркы күндөрү фракция ичинде болуп жаткан өзгөрүүлөрдү «мыйзам ченемдүү көрүнүш» катары мүнөздөйт. Конституциянын жаңы долбоору тууралуу кеп козгогон ал «импичмент деген жок нерсе. Импичмент эмес, «И» деген кепти айтсаң сага каршы иш козголушу мүмкүн. УКМК менен башкы прокуратура кимдин колунда болсо, ошол парламентти да, өкмөттү да музыкасыз бийлетет»,- дейт. Маекте дагы кандай кызыктар айтылды, видеодон көрүңүз.
Жылдызкан Жолдошова: «Садыр Жапаров интеллигент, Камчыбек Ташиев палван»
“Саясий коктейль” берүүбүздүн бул жолку коногу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева болду. Ал маегинде соңку актуалдуу саясий-коомдук маселелер, президенттик...









