Экс-президент Роза Отунбаева СУПЕРТВ каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берди. Ал учурдагы жаштардын күчү жана маанисине токтолуп, «жаштар жөн жаткан жок. Алар бүт дүйнөнү кыдырып, тажрыйба топтоп, биздин өлкөнү да ошентип өнүктүрсө болот деген ишенимге келген жарандар»,- деп мүнөздөдү. Учурдагы бийликтин 2010-жылы орун алган Июнь окуяларын кайра иликтөө аракетине карата экс-президент: «Мейли Жапаров, мейли Ташиев болсун, ал «кара жащикти» ачпагыла демекмин. Болбосо Убактылуу өкмөттүн да айтчусу бар. Азыркы көйгөйлөрдү чечпей эле, эски окуяларды козгоп, кимдин кайсыл жери кычышып атат?»,- деп суроо салат экс-президент. Ошондой эле экс-президент Айзада Канатбекованын өлүмү аны абдан катуу силкинткенин, өлкө башчысы Садыр Жапаров азыр ИИМге жана анын башчысы Улан Ниязбековго карата катаал чара көрүүсү зарылдыгын айтат. «Мына, Бурулайдын өлүмүндө Сооронбай Жээнбеков Кашкар Жунушалиевди калкалап койгон. Дегеле аны такай мактап, ал баарын аткарат деп коргой берчү. Аягы эмне менен бүттү?» дейт Отунбаева. Толугу менен видеодон көрүңүз.
«Матраимовдун келерин билип туруп эле барган эмесмин» | Нуржигит Кадырбеков #Саясий_коктейль
Ташиевдин Жогорку Кеңешти "тазалоо" тууралуу пикирине карата позициясы, АКШдагы сапарда Тилекмат Куренов менен түшкөн сүрөттүн төркүнү, эң көп ишеним артылган...
Роза жетим сен кылгансында жалап өзбектерди кайра киргизип кыргызстанга
Абдан туура жакшы создорду айтты!
Ал президент кездерде стабилизация жана демократия болгон!