#САЯСИЙ_КОКТЕЙЛЬ Роза Отунбаева: «Жээнбеков «мага жардам бербей, сындап туруп алдыңар» деп жүрөт»

Экс-президент Роза Отунбаева СУПЕРТВ каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берди. Ал учурдагы жаштардын күчү жана маанисине токтолуп, «жаштар жөн жаткан жок. Алар бүт дүйнөнү кыдырып, тажрыйба топтоп, биздин өлкөнү да ошентип өнүктүрсө болот деген ишенимге келген жарандар»,- деп мүнөздөдү. Учурдагы бийликтин 2010-жылы орун алган Июнь окуяларын кайра иликтөө аракетине карата экс-президент: «Мейли Жапаров, мейли Ташиев болсун, ал «кара жащикти» ачпагыла демекмин. Болбосо Убактылуу өкмөттүн да айтчусу бар. Азыркы көйгөйлөрдү чечпей эле, эски окуяларды козгоп, кимдин кайсыл жери кычышып атат?»,- деп суроо салат экс-президент. Ошондой эле экс-президент Айзада Канатбекованын өлүмү аны абдан катуу силкинткенин, өлкө башчысы Садыр Жапаров азыр ИИМге жана анын башчысы Улан Ниязбековго карата катаал чара көрүүсү зарылдыгын айтат. «Мына, Бурулайдын өлүмүндө Сооронбай Жээнбеков Кашкар Жунушалиевди калкалап койгон. Дегеле аны такай мактап, ал баарын аткарат деп коргой берчү. Аягы эмне менен бүттү?» дейт Отунбаева. Толугу менен видеодон көрүңүз.