Конституциялык кеңешменин мүчөсү, юрист Медер Алиев СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берди. Ал учурдагы бийлик, Садыр Жапаров жана анын командасы, популярдуу эмес, бирок элди бакубат жашоого алпара турган кадамдарга баруудан тартынбашы керек дейт. Ошондой эле ал өлкө эртели-кеч парламентаризмге кайтат деген пикирин айтат. «Садыр Жапаров өлкөнүн кызыкчылыктарын коргобосом каза тапкан ата-энем кечирбейт деди. Түшүнгөн кишиге мындан өткөн ант жок»,- дейт эксперт.
«Матраимовдун келерин билип туруп эле барган эмесмин» | Нуржигит Кадырбеков #Саясий_коктейль
Ташиевдин Жогорку Кеңешти "тазалоо" тууралуу пикирине карата позициясы, АКШдагы сапарда Тилекмат Куренов менен түшкөн сүрөттүн төркүнү, эң көп ишеним артылган...