#САЯСИЙ_КОКТЕЙЛЬ Абдил Сегизбаев: «Садыр Жапаров өлкөгө келсе камаларын билчү, өзүнө айттырганмын»

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев аталган кызматтан 2018-жылдын апрелинде кеткен. Ошондон бери өзүн публикадан оолак кармап келген ал SUPER TVдагы «Саясий коктейль» берүүсүнө келип агынан жарылды.

Кантип кызматтан кеткени, УКМКны өзү жетектеп турган кезде кыргыз саясатынын көрүнүктүү өкүлдөрү болгон Өмүрбек Текебаевдин, Садыр Жапаровдун камалышы, Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков тирешинде эки оттун арасында калганы жана башка көптөгөн иштер боюнча кеңири сүйлөп берди. Маекти толугу менен видеодон көрө аласыз.