#БЕЙНЕ Дастан Жумабеков: «Атам ийгиликтеримди көрбөй кеткенине арман кылам»

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, депутаты, учурда бир мандаттуу округдан талапкер болуп аттанган Дастан Жумабеков өмүр таржымалынын эң кызыктуу учурлары тууралуу айтып берди. Киндик кан тамган жана балалыгы өткөн айылы Саткей, алгачкы мектеби, ата-энеси, айтор, саясатчынын басып өткөн жолуна SUPERTV телеканалынын берүүсү көз салып көрдү.