#БЕЙНЕ Мигрант кантип миллионер болду?

«Бейне» долбоорубуздун кезектеги каарманы иштин көзүн билген жаратман адам. Миңдеген кыргыз сыяктуу жогорку окуу жайды аяктаган соң, орношкон ишинин маянасы жарытарлык болбой коңшу Казакстанга барган. Анда соода тармакта эмгектенип, төккөн теринин акыбети кайтып жеке ишин баштайт. Бүгүнкү күндө жүздөгөн адамды иш менен камсыздап, бир канча цехти иштетет. Кийимдин моделин өзү ойлоп табат, өзү тигет, өзү бычат, өзү токуйт, айтор колунан келбеген иш жок. Айылга барып калса, пахта терет, тамеки тизет, трактор айдайт, ат таптайт, улак чабат. «Ишеним» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Алимжан уулу Санжардын өмүр таржымалын толугу менен видеодон көрүңүз.