Мадумаров: «Бизди бастырып кирип, азаматтарды атып кеткен жерге барып кечирим сурап келишти»

Бүгүн, 12-ноябрда “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган талапкерлер Талас шаарында эл менен жолугушуу өткөрүштү. Анда бардык аймактарда адатка айланып калгандай эле партиянын лидери шайлоочулар тарабынан берилген суроого жооп берди.