“Абакта жаткан Чыңгыздын өнөкөт оорулары козголо баштады” дейт зордуктоого шектелген актёрдун жубайы

Мындан 5 ай мурда актёр, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Чыңгыз Мамаев чет өлкөлүк жаранды зордуктоого шектелип, кармалган. Ишти Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту кароодо. 6-сентябрь саат 15:00гө белгиленген соттук отурумга актёрдун жакындары, кесиптештери чогулуп, сот өкүлдөрүнө кайрылуу жасашты.