«Айданага үй жумуштарына жардам бергенден намыстанбайм» дейт ырчы Аваз Акимов

Бул ирет «Менин дүйнөм» берүүсүнүн коногу учурдагы популярдуу ырчы, үлгүлүү үй-бүлөнүн башчысы катары таанымал Аваз Акимов болду. Ал жаңы үйлөнгөндө достору «аяшты угасыңбы? деп кеп келеке кылышканын айтат. «Менин ордумда башка эркек болсо, намыстанып кетсе керек эле. Мен анткен жокмун. Балдарга унчукпай, күлүп кутулдум. Айдана экөөбүз өзүбүздүн жазылбаган мыйзамдар менен жашайбыз. Эркек киши аялга жардам берүүсүн мен милдет катары көрөм» дейт Аваз Акимов. Маекти шилтемеден көрө аласыздар