“Ал окуядан кийин кызым экөөбүз тең жүрөк оорусуна кабылдык” дейт актёр Чыңгыз Мамаевдин жубайы

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, актёр Чыңгыз Мамаев зордуктоого шектелип, 3 айдан бери убактылуу кармоочу жайда отурат. Буга чейин анын бир канча кесиптештери коомчулукка кайрылып, актёрдун ишин адилеттүү кароону суранышса, бул ирет алар менен бирге актёрдун жубайы, актриса Элмира Тагаева да соттон акыйкат чечим чыгарууну өтүндү.