«Апам атам менен алышып бизди унутуп калган» дейт Калипа Таштанова

Журналист кесибин аяктап, кино чөйрөсүнө кокустан келген Калипа Таштанова учурдагы белгилүү актрисалардын бири. Ал жакында гана Түркияда өткөн «Коркут ата» кинофестивалында «Үй сатылат» тасмасындагы ролу үчүн «Эң мыкты актриса» наамын алган. Калипа Таштанова менен «Менин дүйнөм» берүүсүнүн алкагында балалыгындагы оор күндөрү, жеке жашоосу, карьерасы тууралуу баарлаштык.