«Апам «күйөөң жаш экен, эртең сени таштап кетпейби» деп ыйлаган»|Cулуулук сынактарынын уюштуруучусу

«Жан шерик» долбоорунун бул жолку коноктору көптөгөн сулуулук сынактарынын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова жолдошу Ильяс менен болду. Бул түйгөйлөрдүн махабаты чынында эле жашка карабаптыр. Дегенибиз Рыскүл айым жолдошунан 5 жашка улуу. Бирок бул алардын бактылуу бүлө куруп, 3 баланын ата-энеси болушуна эч тоскоол болгон эмес.